• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта эркек киши буурчак уурдоого шектелүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунда эркек киши буурчак уурдоого шектелүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кара-Буура райондук милициясына 44 жаштагы “Алейна” фирмасынын кызматкери арыз менен кайрылган. Анда фирмадан беш кап буурчак дан азыгы уурдалганын билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, аталган фактыны кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Милиция кызматкерлери шектүү катары Кызыл-Адыр айылынын 25 жаштагы Ш.Ш. аттуу тургуну кармалып, убатылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү буга чейин буга чейин дагы эки тоннага жакын буурчак уурдаганы аныкталган.

Тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий