• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта ишкер Сот департаментинин башчысына пара берүүгө аракет кылган (сүрөт)

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Талас облусунун Сот департаментинин башчысына пара берүү фактысы боюнча жеке ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-февралында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзгөн иштеринин алкагында КР Жогорку сотуна караштуу Талас облустук сот департаментинин башчысынын иш бөлмөсүнөн кызмат адамга пара берип жаткан жеринен КР жараны, жеке ишкер Э.Р.А. кармалды.

Кармалган жаран унаа тетиктерине жана автоунааны оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүгө бааны негизсиз көбөйтүүнү жашыруу максатында Талас облустук Сот департаментинин башчысына 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.

Аталган факт КР Кылмыш кодексинин 328-беренесинде каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган жаран Талас облустук ИИБдин тергөө абагына камалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий