• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Талас райондук прокуратурасы тарабынан Талас райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында ишкерлер, укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирге жолугушуу өткөрүлдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ишкердиктин ар кайсы тармагындагы жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада жеке ишкерлердин укугун коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкердик субъектеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүнө бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Ошондой эле укук коргоо жана контролдоочу органдар тарабынан ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүү жана текшерүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдар мыйзамдын талабына ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандыгы баса белгиленди.

Ал эми, райондун салык кызматы тарабынан азыркы күндө бизнес-коомчулукта абдан актуалдуу болуп жаткан (ККМ) контролдук-кассалык машиналары жөнүндө талкуу болуп, кеңири түшүндүрмө берилди.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулар мындан ары да райондун прокуратура органы менен ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндө тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий