• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Талас облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 5-сентябрда болжол менен саат 20:45те Талас облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 балл, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий