• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта көк бөрү боюнча облустук чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Таласта көк бөрү боюнча облустук чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгынан билдиришти.

Райкан Алканов атындагы ат майданында көк бөрү оюну боюнча Талас облусунун чемпионаты 17-февраль күнү жыйынтыкталды.

Иш-чарага өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Улуттук көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов жана Талас облустук көк бөрү федерациясынын президенти Жылдызбек Мүзүрөтбеков катышты.

Облустук чемпионатка 4 райондун жаштар жана чоңдор арасында курама командалар катышты.

Чоңдор арасында:

1-орун - Талас району;
2-орун – Кара-Буура району;
3-орун - Манас району;
4-орун - Бакай Ата району.

Жаштар арасында:

1-орун - Талас району;
2-орун - Манас району;
3-орун – Кара-Буура району;
4-орун - Бакай Ата району.

Талас облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалык тарабынан оюндун жеңүүчүлөрүнө жана көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга "Ардак грамота" жана медалдар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий