• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта камактагы мүлктү мыйзамсыз чыгарып салган сот аткаруучуга карата өндүрүш иши сотко жөнөтүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Таласта камактагы мүлктү мыйзамсыз чыгарып салган сот аткаруучуга карата өндүрүш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас райондук сотунун 2014-жылдагы өкүмү менен М.К. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакцияда) 171-беренеси (ыйгарылып берилген мүлктү сиңирип алуу же төлөмөр болуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, ал жабырлануучу Ч.А. пайдасына 531 400 сом төлөп берүүгө милдеттендирилип, жазык жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулган.

2015-жылдын январында Талас райондук соту тарабынан ушул эле райондун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн (САКБ) дарегине тийиштүү аткаруу барагы жиберилип, айыпталуучунун Талас районунда жайгашкан мүлкүнө камак салынып, андан кийин анын жашаган дареги боюнча аткаруу барагы Бишкек шаарынын Ленин районунун САКБ жиберилген.

Аткаруу барагы башка САКБ өндүрүшүндө болгондугуна карабастан, Талас районунун А.Ш. аттуу сот аткаруучусу «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамын бузуп, 2018-жылы жергиликтүү каттоо органына айыпталуучуга тийиштүү болгон мүлктү камактан чыгарып салуу жөнүндө мыйзамсыз кат жиберип, ошол эле күнү Талас районундагы кыймылсыз мүлктүн бирөөсү үчүнчү жакка сатылып кетип, Ч.А. карызкорго болгон доону өндүрүүнү оордоткон.

2020-жылдын 23-декабрында Башкы прокуратура тарабынан аталган факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Талас облустук прокуратурасы тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама Кара-Буура районунун САКБ улук сот аткаруучусу А.Ш. (мурдагы Талас районунун САКБ сот аткаруучусу) тапшырылган.

Жогорудагы кызмат адамына карата айыптоо актысы бекитилип, кылмыш иши Талас шаарынын сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий