• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта каналга эки өспүрүм кыз түшүп кеткен. Биринин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында каналга түшүп кеткен кыздардын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда Талас каналына 14 жаштагы Т.А. жана 13 жаштагы Ы.Д. аттуу 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

"Урматтуу жарандар, өспүрүмдөрдү, жеткинчектерди сууга түшүүгө чоңдордун көзөмөлсүз сууга түшүүгө жибербеңиздер!", - деп эскертет ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий