• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта Кара-Буура – Чаткал унаа жолу селден тазаланып, ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Таластын Кара-Буура жана Шилбили өзөндөрүндө 21-июль күнү сел жүрүп, жайлоолорго баруучу жолдорду жана мамлекеттик маанидеги чоң көпүрөнү сел жууп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жүргүнчүлөр, эс алуучулар жана чабандар районго өтө албай калган.

21-июлда 75 жаран Кара-Буура суусунан эвакуацияланып, райондун борборуна жеткирилген.

22-июлда Кара-Буура – Чаткал автоунаа жолу 18:20лар чамаларында ачылып, 80 жаран эвакуацияланган жана 30 техника өткөрүлгөн.

“Бүгүн, 23-июль күнүнө карата ӨКМ тарабынан аймактагы жолдорду тазалоо иштерин улантып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, социалдык тармактар аркылуу ӨКМден жардам сурап кайрылган жарандар тууралуу тарап жаткан видео мурдагы жылдары болгон окуяны чагылдырат. Ал 2021-жылы катталган кырсыктарга тиешеси жок.

Пикир

Оставить комментарий