• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта кармалган ак илбирс: Жаабарстын абалы жакшырууда

Коом 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Таласта кармалган ак илбирстин абалы жакшырууда. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, керектүү дарылануу жана процедуралардан кийин ак илбирстин абалы мурдагыдан жакшырган. Аны ветеринардык дарыгерлер карап, керектүү дары-дармек берилүүдө.

"Учурда ак илбирске уйдун эти берилүүдө. Кечээ күндөн тарта жумшак сөөктөр бериле баштады", - деп билдиришти агенттиктен.

Ошондой эле агенттиктен билдиришкендей, мурда айтылган "ак илбирстин бир көзү агып калган" деген маалымат туура эмес болуп чыккан. Ак илбирстин эки көзү тең соо, бирок начар көрүп жатат. Дарыгерлер дарылануудан кийин анын көзү жакшы көрүп калат деп күтүүдө.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган. Учурда аны аткан адам изделүүдө.

Ал ак илбирске Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романында айтылган ак илбирс – Жаабарстын аты коюлган.

Пикир

Оставить комментарий