• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта кармалган ак илбирс: Жаабарстын эки көзү көрбөй калды

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Таласта кармалган ак илбирс – Жаабарстын эки көзү көрбөй калды. Бул тууралуу "Бугу Эне" коомдук фондунан билдиришти.

Фонддон билдиришкендей, ак илбирс адистердин текшерүүсүнөн өткөн.

"Жыйынтык көрсөткөндөй, ак илбирстин эки көзү тең көрбөй калган. Операция жасоо эч кандай натыйжа бербейт. Ак илбирстин алган жаракатынан улам көрбөй калды", - деп билдиришти фонддон.

Фонддон билдиришкендей, ак илбирсти дайыма карап туруу керек.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

Ал ак илбирске Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романында айтылган ак илбирс – Жаабарстын аты коюлган.

Пикир

Оставить комментарий