• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта кармалган ак илбирс: Жаабарстын саламаттыгы жакшырды, бирок көзү калыбына келген жок

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Таластан алынып келген ак илбирстин – Жаабарстын саламаттыгы жакшырды, бирок көзү калыбына келген жок. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен билдиришкендей, алардын кызматкерлери ак илбирске жардам алып барып, анын саламаттыгын көрүп келишкен.

"Учурда ак илбирс өзүн жакшы сезип калды. Ага антибиотик жана витаминдер берилип жатат", - деп билдирет агенттик.

Ак илбирстин саламаттыгы жакшырып, бирок көзү калыбына келген эмес.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

Ал ак илбирске Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романында айтылган ак илбирс – Жаабарстын аты коюлган.

Пикир

Оставить комментарий