• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта кармалган ак илбирсти Улуу Британиянын элчиси көрүп келди

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Герретт Таласта кармалган ак илбирсти көрүп келишти. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Белгилей кетсек, 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында жарадар болгон ак илбирс табылган. Кийинчерээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

Ал ак илбирске Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романында айтылган ак илбирс – Жаабарстын аты коюлган.

"Операциядан кийин ак илбирстин абалы жакшырды. Операцияга чейин ал көп баспай жаткан. Операциядан кийин басып, тамак жеп, суу иче баштады", - деп билдиришти агенттиктен.

Агенттиктен белгилешкендей, ак илбирсти көргөнү барган Улуу Британиянын элчиси анын дарылануусу жана реабилитациясына көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген.

Учурда ак илбирсти аткан адам изделүүдө.

Ошондой эле агенттиктин билдиргени боюнча, мурда айтылган, "ак илбирстин бир көзү агып калган" деген маалымат туура эмес болуп чыккан. Ак илбирстин эки көзү тең соо, бирок начар көрүп жатат. Дарыгерлер дарылануудан кийин анын көзү жакшы көрүп калат деп күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий