• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта катталган катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кечээ Талас облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Арал айылындагы Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр темир тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Шамал болжол менен саат 18:40та катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркагандар жок.

Бүгүн, 5-мартта жеринде райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий