• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта катталган жол кырсыгынан төрт адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунда 3-ноябрда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 60-чакырымында (Бейшеке айылы) "Ауди С4" менен "Ф-Гольф 3" унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан төрт эркек киши (1961-жылы туулган, 1989-жылы туулган, 1989-жылы туулган, 1988-жылы туулган) жаракат алган.

Куткаруучулар унаадан жабыркагандарды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий