• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта катуу шамалдан терек кулап, бир адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Талас облусунун Талас айылында 17-ноябрь күнү саат 14:30дар чамасында катталган катуу шамал Цыренин атындагы орто мектебинин спорт залынын 120 чарчы метр чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Көк-Дөбө айылындагы Дүйшенбиев атындагы орто мектебинин 30 чарчы метр чатыры учкан, Бала-Саруу айылынын “Бала-Саруу” орто мектебинин жана Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан Рахманбердиев атындагы орто мектептин чатыры жабыркаган. Кырсыктын кесепетинен эки терек кулап, 46 жаштагы Т.З.А. аттуу жаран каза болгон.

Жеринде ӨКМдин Манас районун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүну башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Кара-Буура районунун метеостанциясынын маалыматы боюнча, райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрди түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий