• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Таласта "Киров" суу сактагычынан эки баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Таласта "Киров" суу сактагычынан эки баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылынын жаш тургундары 2009-жылы туулган Б.А. жана 2011-жылы туулган Б.А. аттуу 2 эркек бала "Киров" суу сактагычына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Буура райондук №91 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, бирок натыйжа болгон эмес. 25-июнда таң эрте Кара-Буура райондук суучул-куткаруучулар издөө иштерин улантып, саат 09:27 жана 9:30да эки баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМ жарандарды балдардарды чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүүгө жибербөөнү, суу коопсуздугун сактоону эскертет.

Пикир

Оставить комментарий