• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта киши уурдоого шектелип УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери ээнбаштыкка жана киши урдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-январь күнү саат 23:00 чамасында 1993-жылы туулган М.М. шериктери менен ээнбаштык жасоого багытталган кылмыштуу кыймыл-аракеттерин ишке ашырууну көздөшүп, “Тойота-Эстима” үлгүсүндөгү автоунаа менен Бакай-Ата районунун айылдарынын биринде жашаган Ж. уулу Б. аттуу жергиликтүү тургунду жана анын үйүндөгү К. Ч.ны чакырып чыгышып, ошол эле айылдын көчөсүнөн зомбулук көрсөтүп, физикалык күч колдонуп сабап, андан ары аларды автоунаага салып Таластын токойуна алып барып сабашып, денесине жаракат келтиришкен.

Бул факт 2021-жылдын 27-январь күнү Талас облусунун Бакай-Ата РИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (киши уурдоо) жана 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмышка тиешеси бар үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми М. М.га карата 2021-жылдын 6-февралында издөө иши башталып, ушул эле жылдын 12-мартында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Бакай-Ата районунун жашоочусу 1993-жылы туулган М. М. Бишкек шаарынын Батыш автобекетинен кармалып, Талас облусунун Бакай-Ата РИИБне жеткирилди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, 1993-жылы туулган М. М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий