• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта коңшу өлкөдөн 45 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Казакстандан Кыргызстанга 45 баш малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет көрүлгөн. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Чек арачылар Талас районунда мал жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды кармашкан. Аны текшерүү учурунда 45 баш бодо мал табылган. Беш адамдан турган топ казак-кыргыз чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын баасы 3,5 млн сомдон ашкан.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң, кармалган жарандар, бодо мал жана унаалар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий