• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта кооптуу муз тебүүчү жай жабылды

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Талас облусунда кооптуу экенине карабай жергиликтүүлөр муз тээп жаткан жай жабылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖМКларда жана социалдык тармактарда “муз тебүүчү жайдан белгисиз адам 30 сомдон акы алып жатат” деген маалымат тараган. Териштирүүнүн жүрүшүндө Талас районуна караштуу Козучак айылынын тургуну Бакыт Абдылдаев муз тебүүчү жайга келген адамдарга баллондорун саатына 30 сомдон ижарага бергендиги аныкталган.

"Муз тебүүчү жай жергиликтүү аймактын администрациянын чегиндеги жайыт категориясындагы жер болуп эсептелет. Бирок, ал союз убагынан бери эле кышкы убакта Талас өрөөнүнүн бардык жагынан келип чана, муз, лыжа тепкен эс алуучу стихиялуу жай болуп келген. Жеке менчикке берилген эмес жана эс алуучулардан акча алып жаткандыгы боюнча арыз, кайрылуулар түшкөн эмес. Учурда муз тебүүчү дөңсөөгө бара турган жолдорго кум-шагыл төгүлүп, жергиликтүү бийликке жана аймактык милиция кызматкерлерине көзөмөлдөө тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстанда кооптуу аймакта муз тээп жүргөн 2 адам каза болгон. Ага байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дарыя, канал, көлмөлөрдө тоңгон музда жылгаяк тепкен балдарга коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырган.

Пикир

Оставить комментарий