• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таласта коронавируска чалдыккандар жок. Мессенджерлердеги билдирүүлөр чындыкка дал келбейт

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунда коронавируска чет элдик жарандын чалдыкканы аныкталды деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

7-мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы күндөрү социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу коронавирус жуктурган Түркиянын жараны Талас облусундагы Манас районун Покровка ооруканасына жаткарылганы тууралуу жалган маалымат таратылууда.

Бул жалган аудионун автору Талас обусунун Манас районунда жашаган Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталды.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб жарандарды Кыргыз Республикасында инфекция чыкканы тууралуу жалган маалыматтарды социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу таратпоого, жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий