• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта коронавируска шектелген бир адам обсервацияга жаткырылды – Исаков

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Таласта коронавируска шектелген бир адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ага, Талас облусунда бир жаран коронавирус күмөнү менен обсервацияга жаткырылды деген маалымат туурабы деген суроо берилип, Исаков ал маалыматты ырастады.

"Ооба, бир жаран обсервацияга жаткырылды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий