• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таласта коронавирустун жайылуусуна жол бербөө чаралары көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери медициналык тез жардам көрсөтүү кызматы менен биргеликте коронавирустун жайылуусуна жол бербөө чараларын көрүп жатышат.

Талас облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Талас районуна караштуу Талды-Булак постунан баштап, обсервацияга алынган жарандарды жеткирүү иштери аткарылып жатат .

"Жол кыймылын көзөмөлдөп, андан тышкары, жарандардын жана тез жардам автоунаасынын коопсуздугун сактоо максатында атайын түзүлгөн график
менен күнү-түнү иш алып барышууда. Талас облустук ооруканасына жеткирүү медициналык кызматкерлер менен бирдикте жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий