• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта кудук казып жаткан жаранга топурак урап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Таласта кудук казып жаткан жаранга топурак кулап каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кечээ, 21-январда болжол менен саат 11:31лер чамасында А.Огомбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 1977-жылы туулган А.Н., аттуу жаран кудук казып жаткан.

“Топурак урап жаранды басып калган. Жерине куткаруучулар барышып, маркумдун жансыз денесин чуңкурдан казып чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий