• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта курула турган “Бала-Саруу” ГЭСи жылына 92 млн кВт саат электр энергияны иштеп чыга алат

Аймак 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин Талас облусуна болгон жумушчу сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен бирге Киров суу сактагычына барды. Бул тууралуу министр соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Билдирүүгө ылайык, Киров суу сактагычына жаңы “Бала-Саруу” гидроэлектростанциясы курулат. Анын долбоору боюнча ГЭС жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон туруп, жылына орточо 92 млн кВт саат электр энергиясын иштеп чыгууну болжолдойт.

“ГЭС Киров суу сактагычынын мурда пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарын максималдуу түрдө натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий