• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таласта “Куттуу эл урааным-Манас” форум-фестивалы өз ишин жыйынтыктады

Аймак 0

Бишкек, 26.06.22./Кабар/. 2022-жылдын 24-25-июнунда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы Кочкор-Ата жайыгында “Куттуу эл урааным-Манас” аталышында Талас форуму жана манасчылардын, төкмө акындардын эл-аралык фестивалы болуп өттү.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу жөнүндөгү”, ”Улуттук нарк жөнүндөгү” , “Инсандын руханий –адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жана “2022-жылды тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында, иамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен ишке ашырылды.

Фестиваль алкагында тоолордун экосистемасын коргоо маселесине көңүл буруу максатында Эдуарт Кубатов баштаган "Кыргыз альпинизм федерациясынын" 11 мүчөсү, деңиз деңгээлинен 4488 метр бийиктиктеги Манас Ата чокусуна чыгып Кыргыз Республикасынын Туусу орнотулду.

Андан соң 24 саат тынбай Манас айтылды.
Иш-чара жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов улуу тарыхка жана санжырага бай болгон уюткулуу улуу журтубуздун кылымдарды карыткан нарк насили, каада салты, үрп-адаттары тууралуу кеңири баяндама жасады.

Ошондой эле форумда Кыргыз Республикасынын Баатыры Алясбек Алымкулов, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев жана Талас облусунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиев «Куттуу эл – урааным Манас» темасынын алкагында баяндама жасашты.

Форумдун соңунда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго тийиштүү резолюция тапшырылды.

Форум-фестивалга Туркия Республикасынан, Казакстан Республикасынын Орал жана Жамбыл облустарынан расмий өкүлдөр жана маданият кызматкерлери конок катары катышты.

Иш-чара манасчылардын, төкмө акындардын эл-аралык фестивалы Бишкек шаарынан келген маданият кызматкерлеринин гала - концерти менен аягына чыкты.

Пикир

Оставить комментарий