• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта лицейдин бухгалтери 9 эсе ашыкча айлык алып жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/.Таластагы №13 кесиптик лицейде финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан.

"Мисалы, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери К.Т. 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7 миң 553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан КЖКнин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий