• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Талас шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн "Деннарис" атындагы реабилитациялык борбору ачылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш салтанатына "Талас жардам" уюмунун жетекчиси Жылдыз Талгат кызы, Талас облусунун казыятынын орун басары Медер ажы Сагынбаев жана Талас шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар, шаар тургундары катышты.

Жылдыз Талгат кызынын айтымында, реабилитациялык борборго Талас аймагындагы тубаса шал болуп төрөлгөн жеткинчектер, нерв оорусу менен жабыр тарткан өспүрүмдөр келип дарыланмакчы.

Эскерте кетсек, борбор "Талас жардам" уюму, демөөрчүлөр жана элдин жардамы менен ачылган.

Пикир

Оставить комментарий