• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта медиа сабаттуулук боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Талас шаарында “Мен медиа сабаттуумун!” аталышындагы долбоордун жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Жыйынга өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Байышов баштаган мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары, казыяттын иш башкармалыгынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев, шаардык, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана активисттер катышты.

Тегерек столдо социалдык медиада таркап жаткан фейк маалыматтарды анализдөө, критикалык ой-жүгүртүү, социалдык тармактарда колдонууда ал жакта тарап жаткан жалган маалыматтардын чын бышыгын аныктоо ж.б. боюнча пикирлер айтылды.

Семинарда Медер ажы Сагынбаев өз сөзүндө медиа сабаттуулук боюнча көбүнчө улуу муундар, диний кызматкерлердин дагы кабары болушу керектигин, бул жаатта дагы окуудан өтүүсүнүн зарылдыгына токтолду.

Эскерте кетсек, аталган иш – чара “Жаш тынчтык куруучулар” Алманбет кызы Айгерим жана Омурзаков Хан-Темирдин демилгесинин негизинде, “Тынчтык жана өнүгүү институтунун” каржылык колдоосунда болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий