• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта медкызматкерлерге кошумча төлөмдөр өз убагында жүргүзүлүүдө – облус жетекчиси

Аймак 0

Бишкек, 27.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда медкызматкерлерге кошумча төлөмдөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, апрель айынан бери медиктер айлык акысын жана кошумча төлөмдөрдү убагында алууда.

“Алсак, апрель айында 204 медкызматкерге жалпы 2 млн 436 миң 600 сом өлчөмүндө кошумча каражат төлөнгөн. Май айында 238 медикке 3 млн 163 миң 400 сом, июнь айында 261 медикке 3 млн 363 миң 900 сом берилген”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий