• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта мектеп директору мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз алып жүргөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Таласта мектеп директору иштен алам деп коркутуу менен мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдаланып жүргөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Талас облусундагы орто мектептин директору тарабынан мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды.

2021-жылдын 2-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас облусундагы орто мектептин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ушул мектептин кызматкерлеринен акча алып, жумуштан кетиребиз деп коркуткандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча каражатын алып турган 9 банк картасы табылып алынды..

Жогорудагы факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий