• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта мектепке тиешелүү жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчикке берилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Талас облустук прокуратурасы тарабынан социалдык объектиге тиешелүү жер аянтынан жеке турак жай куруу үчүн жарандарга мыйзамсыз жер тилкелерди берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2003-жылы жана 2009-2011-жылдар аралыгында жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен К.Султаналиев атындагы орто мектепке тиешелүү болгон 1 га жер тилкесин 7 жаранга турак жай куруу үчүн мыйзамсыз токтомдор кабыл алынып, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан жеке менчик жөнүндө мамлекеттик актылар берилип кеткен.

Бул фактылар Талас облустук прокуратурасы тарабынан КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-беренесинин 1-бөлүмү (Документтердин жасалмасы) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ошондой эле, жогоруда аталган жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу максатында укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий