• 80.18
  • 78.86
  • 1.37

Таласта «Мигрант» аталышындагы рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз жүргөн 5 мигрант аныкталды

1158 кароо Аймак 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Талас облусунун аймагында «Мигрант» аталышындагы атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык облус аймагында мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында жеке жана юридикалык жактардын чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз иштетүүсүнө бөгөт коюу багытында иш-чаралар жүрүп жатат. Чет өлкөлүк жарандардын Талас облусунун аймагына чек арадан мыйзамсыз өтүп Кыргыз Республикасында жүрүүнүн эрежелерин бузууларга текшерүүлөр жүрүүдө.

Аталган рейд адамдарды сатуу фактыларынын алдын алуу жана аныктоо үчүн жүгүзүлүүдө. Кызматкерлер тарабынан атайын иш мерчем дайындалып, милициянын ар бир кызматынан куралган атайын топ менен кошо күч каражаттар белгиленип, аймактарга бөлүндү.

Рейддин жүрүшүндө Талас облусунда убактылуу иштеп жаткан 24 чет элдик жаран текшерилди. Анын ичинен 5 жаран мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталган. Аталган фактылар аймактык ички иштер органдарына өткөрүлүп, электрондук журналдарга катталып, текшерүүгө алынды.

Пикир

Оставить комментарий