• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта милиция ата-энелерди балдарды тарбиялоого өзгөчө маани берүүгө чакырды

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 23-сентябрь күнү Талас шаарындагы №4,5 орто мектептеринде ата-энелердин чогулушу болуп, анда милиция кызматкерлери балдарды тарбиялоого өзгөчө маани берүү керектигин эскертишти. Бул тууралуу Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чогулушка мектептин мугалимдери, Талас ОИИБнын начальнигинин орун басары Шүкүрбек Кушбеков жана Талас ШИИБдин начальнигинин орун басары Ороз Алымкулов, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Чогулушта Талас ОИИБнын начальнигинин орун басары Ш. Кушбеков ата-энелерге жолугушуунун негизги максаты жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту, ыплас аракеттерди, укук бузууларды жана топтошуп мушташууларды алдын алууда ата-энелер да милиция кызматкерлерине тарбиялык жактан жардам берүүсү зарыл экенин айтты.

Ошондой эле 2021-жылдын 20-сентябрында Россиядагы Пермь мамлекеттик университетинде болгон окуяда 6 студент каза болуп, бир нечеси жабыркаган окуя интернет булактарында резонанс жаратып жатканын билдирди.

Ш.Кушбеков Талас шаарынын №4,5 орто мектептердин мугалимдерине жана ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин аймагында бейтаныш чочун адамдарды киргизбөө жана шектүү буюмдарды калтырып кетүүгө жол бербөө максатында иш-чараларды жүргүзүү керек экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий