• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Талас облусу боюнча КРнын Жогорку Кеңешине депуттарды шайлоо процессине карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өтүшкөн. Ар бир шайлоо тилкесине 2-3 кызматкерден бөлүнүп, жалпы 400гө жакын кызматкер шайлоо аймактарында коомдук коопсуздукту сактап, кылмыштуулуктун жана укук бузуунун алдын алуу иштерин алып барышууда.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, андан тышкары, коомдук тартипти сактоого 100гө жакын милициянын ардагерлери жана 200гө жакын элдик кошуундун ыктыярчылары кошумча күч катары жер жерлерде көмөктөшүүдө.

Атайын түзүлгөн мобилдик топтор катарда жана чакыруу түшкөн, тартип бузуучулук болгон жерлерде ыкчам иш алып барууга даяр. Талас ОИИБи ар бир аныкталган маалыматты иликтеп, ошол замат тийиштүү чараларды көрөөрүн эскертет.

"Талас облустук ички иштер башкармалыгы жалпы облус аймагында коомдук абалды көзөмөлдөп, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында тынымсыз ыкчам иш аракеттерди алып барып жаткандыгын билдирет. Андыктан, облус жарандарын мыйзам бузуучулуктан, тактап айтканда, шайлоочулардын добуш сатууга, сатып алууга жана башка укук бузуулардан алыс болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий