• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта милиция кызматкерлери кыз ала качууну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери студенттер арасында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча ар кандай маселелерди камтыган тегерек стол уюштурду. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча өкүлү Жакшыгул Узакбаева, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун Талас обласундагы өкүлчүлүгү, ички иштер кызматкерлери жана колледждин студенттери катышышты.

Тегерек столдун башталышында атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, студенттер арасында кызуу талкуу болду. Студенттердин суроолоруна компетенттүү адамдар жооп берип, кыз ала качуу кылмыш экендиги жөнүндө кенен түшүндүрмө беришти.

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзам боюнча ала качууга кандай жазалар каралганын, укуктук тартип боюнча кандай чара көрүш керек экендиги жөнүндө маалыматтарды берип, студенттердин ар бир суроосу жоопсуз калган жок.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери адам укуктарына каршы жасалган кылмыштар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Тегерек столдо ар кандай маселелер көтөрүлүп, жаштар кылмыштуулукка каршы жана ар бир адам бактылуу болууга акысы бар экендигин билдиришти.

Облус аймагында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча профилактикалык иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий