• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таласта милиция кызматкерлери окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Манас районунун ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Кызыл-Жылдыз айылында башталгыч класстардын окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүп жатышат. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балдардын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын график менен окутууларды уюштурушкан.

Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан кызматкерлерге ушул багытта алдын алуу иштерди күчөтүү тапшырмасы берилип, кызматкерлер ар бир мектепке бөлүштүрүлүп бекитилген.

Милиция кызматкерлери окуучуларга жол белгилери жана жол кыймылынын катышуучулары тууралуу маалымат беришип, туура, коопсуз жолдо жүрүү жана жол чырактар иштебеген учурда милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийүү керектигин айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий