• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта милициянын капитаны жергиликтүү тургунду баңгизатын сатууга мажбурлаган

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Баңги заттарды таратууга жана сатууга мажбурлоо фактысы боюнча Талас шаардык ИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын (ЭММКК) кызматкери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирдикте КР ИИМ системасындагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, баңги затын сатуу үчүн акча каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан учурда Талас шаардык ИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын ЭММККнын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Н.у.У., кармалды.

Кармалган кызматкер белгилүү убакыт аралыгында баңги затын алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Талас шаарынын тургунун баңги зат сатууга мажбурлаган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Талас шаардык ИИБнын ЭММККнын улук тергөөчүсү милициянын капитаны Н.у.У., КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып, андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий