• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта мугалим менен окуучу бири-бирине карата милицияга арыз жазды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Талас облусунда мугалим менен 7-класстын окуучусу бири-бирине сабады деген арыз жазышкан. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура ички иштер бөлүмүнө 11-декабрда 31 жаштагы Кызыл-Адыр айылынын тургуну кайрылган. Ал арызында 7-класста окуган кызын англис тили мугалими сабагандыгы тууралуу билдирген. Кыз ооруканага жаткырылган. Ошол себептен энеси аталган мугалимге карата чара көрүүнү суранган.

Бирок кечээ милиция бөлүмүнө ошол мугалим кайрылып, окуучу биринчи аны бетке уруп жибергендиги тууралуу арыз калтырган. Ал милиция кызматкерлерин кызга карата чара көрүүнү суранган.

Милициядан билдиргендей, бул факт боюнча текшерүү жүрүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий