• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөн жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Таласта милиция кызматкерлери мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга​ Талас шаарынын​ тургуну “Ж” аттуу жаран өзү жашаган үйдө​ мыйзамсыз ок атуучу куралдарды, ок-даарыларын сактап жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Талас шаардык милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен​ сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында​ шектүү адамдын өздүгү такталып, ал Талас шаарынын тургуну​ 1993-жылы туулган К. ​ уулу Ж. экендиги аныкталган, анын үйүн тинтүү учурунда мал сарайынан 1 даана “ИЖ-18Е” үлгүсүндөгү 12 калибрлүү курал, 1 даана 16 калибрлүү курал, 1 даана кесилип атайын даярдалган кесилген мылтык (обрез), гильза жана​ бычак табылып алынган.

Алынган курал-жарактар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза​ дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Учурда кармалган жаран тергөөдө сурак берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий