• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таласта ойноп жүрүп дайынсыз жоголгон 2 жашар бала табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Талас дарыясына түшүп кеткен 2 жашар баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, ӨКМден жалпы 16 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Андан тышкары, эки атайын техника жана бир кайык менен Киров суу сактагычында издөө иштерин улантышууда.

Белгилей кетсек, Бакай-Атада 13-апрелден бери эки жаштагы бала дайынсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий