• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын чыгарып жүргөндөр кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Таласта ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгын чыгарып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлерине 2020-жылдан бери Талас шаарынын тургуну Казакстанга өтүү үчүн адамдарга мыйзамсыз ар кандай документтерди жасап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат ар тараптан текшерилип, ага тиешелүү процессуалдык аракеттер аткарылган.

Анын негизинде 4-мартта Талас шаарынан 47 жаштагы Р.Ф. аттуу аял кармалган. Ал ПЧР-тесттин маалымдамасын жана төлөндү деген дүмүрчөк үчүн 5 миң сом акысын алган жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Шектүүгө маалымдама жана дүмүрчөк жасап берип турган Талас районунун Көк-Кашат айылынын 29 жаштагы А.Д. уулу дагы кармалган. Иликтөө учурунда бири кардарларды таап, бири анализ менен дүмүрчөктү жасагандыгы аныкталган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий