• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта поликлиниканын кызматкери коронавируска шектелүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20./Кабар/. Талас облусунда эпидизилдөө жүргүзүлүүдө, поликлиникалардын биринин кызматкери коронавируска шектелүүдө, - деп маалымдайт Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Мурда ЖМКларда Таластагы медициналык мекеме карантинге жабылгандыгы тууралуу жазып чыгышкан.

"Коронавируска шектелген жаран бар. Анализдери текшерүүдө. Эгерде вирус тастыкталса, анда кошумча маалымат беребиз", - деп баса белгилешти министрликтен.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күнгө карата Талас облусунда коронавирус жуккан учур каттала элек.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-июнда республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 23 учур аныкталып, COVID-19 инфекциясын жуктуруу жалпы 2055 учурга жетти. Анын ичинен 403ү медицина кызматкерлери. Жалпы илдеттен 1483 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда стационарда 548 адам жатат, анын ичинен экөө реанимацияда. Ал эми коронавирус жуккан 24 адам каза болду (+1 учур бүгүн катталды).

Пикир

Оставить комментарий