• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта өрт кырсыгынын алдын алуу иш-чаралары өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Таласта өрт кырсыгынын алдын алуу иш-чаралары өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында жайгашкан мектеп жана бала бакчаларда күз-кыш мезгилинде өрт коопсуздугун камсыз кылуу андан келип чыккан материалдык чыгымдарды азайтуу жана адам өлүмүн болтурбоо максатында ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мектеп, бала бакчалардын кызматкерлерине өрт коопсуздугунун эрежелери эскертилди.

"Өрт чыккан учурда кызматкерлердин аракеттери балдардын коопсуздугун камсыз кылууга, аларды эвакуациялоого жана куткарууга багытталышы керек. Өрттү жана анын белгилерин байкаган мекеменин ар бир кызматкери бул тууралуу тез арада өрт өчүрүү кызматына телефон аркылуу билдирүүгө милдеттүү", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле өрт тууралуу эскертүү системасы иштетилип, балдарды эвакуация планы боюнча имараттан коопсуз жерге көчүрүү керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий