• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта өрт-тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында жайгашкан Күрөң уулу Шаршенбай атындагы орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Машыгууга Бакай-Ата районунун өздүк курамы жана куткаруу кызматтары катышып, иш-чаралардын жүрүшүндө өрт өчүрүү кызматкерлердин, өрт өчүрүүдө жана куткаруу иштеринде болгон ыкчам кыймыл-аракеттерин, күжүрмөн даярдыктарын жогорулатууга болгон жөндөмү каралган.

Машыгуунун негизги максаты - адамдарды имараттардан эвакуациялоо боюнча кызматтардын жакшы координацияланган ишин текшерүү, жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана адамдарга өрт учурунда туура кыймыл аракеттерин эскертүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий