• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Таласта өрттү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 28-август күнү министрликтин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Талас райондук ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан Талас районунун Чат-Базар айылында жайгашкан “Талас” май куюучу жайында өрттүк-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Машыгууга Талас району боюнча ӨКБнүн №101 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн өздүк курамы жана 2 өрт өчүрүү автоунаасы тартылган.

Машыгуунун максаты - өздүк курамдын өрт өчүрүүдө болгон билим деңгээлин, кызматкерлердин ыкчам кыймыл аракеттерин жогорулатуу жана мунай ебазанын кызматкерлерине алгачкы өрт өчүрүү ыкмаларын текшерүү болуп саналат.

Андан тышкары, шаар жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас облусунун аймагында жайгашкан, май куюучу жайларында, мунай базаларда өрт кырсыгы келип чыккан учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий