• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта сел суулар айдоо аянтын, үй жана бала бакчанын жер төлөөсүн каптады

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Талас облусунун Бакай-Ата районунда 19-июндагы жааган жаандын кесепетинен коктулардан келген сел суулар каналга батпай 26,4 гектар айдоо аянттарын, 1,2 гектар алма бакты, үч турак үйдүн короосун жана бир бала бакчанын жер төлөөсүн каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кызыл-Жар, Жалпактил, Кайназар-2, Кайырма, Бөлтөк суугат каналдарынын айрым жерлери сел калдыктарына толгон.

Ошондой эле Кара-Коюн капчыгайындагы ички чарбалык жолдун беш жерин, Урмарал өзөнүндөгү ички жолдун эки жерин сел каптаган. Селдин кесепетинен таза суу түтүгү бузулуп, айылдын айрым жерлеринде суу берүү токтотулган.

Жеринде райондук жарандык коргонуу комиссиясы, суу чарба башкармалыгынан бир экскаватор, айыл аймактан бир жүктөгүч тартылып, жергиликтүү тургундар тарабынан турак үйдүн короолору, бала бакчанын жер төлөөсү толук тазаланып, ички чарбалык унаа жолдор толук калыбына келтирилген.

Ал эми суугат каналдарын тазалоо иштери 21-июнь күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий