• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас шаарында ЖКга шайлоого карата семинар-тренинг өткөрүлдү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрда, Талас шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата семинар-тренинг өттү. Бул тууралуу Талас облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов, Талас ОИИБнин начальнигинин орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Шукурбек Кушбеков, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана орун басарлары, прокуратура кызматкерлери, тергөөчүлөр, милициянын аймактык инспекторлору, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышты.

Анын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын тиешелүү өкүлдөрү тарабынан КР президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Иш-чарада укук коргоо органдары менен БШК кызматкерлеринин бергелешип иш алып баруу процесстери айтылды.

Шайлоо күнү жана ага чейин мыйзам бузуулар катталган учурда укук коргоо органдары тарабынан кандай чаралар көрүлө тургандыгы айтылды. Милиция кызматкерлери тарабынан аткарылуучу иш-аракеттер баса белгиленди. Ошондой эле катышуучулар менен суроо-жооптор орун алып, биргелешип чечүүчү маселелер талкууланды.

Семинар-тренингдин негизги максаты ЖК депутаттарын шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу болуп эсептелет.

Анын алкагында семинар-тренингдин катышуучуларына шайлоого карата атайын чыгарылган колдонмо китептер, эскертме баракчалар таратылып, окуу куралдары берилди. Бул семинарда алынган маалыматтар, жаңылануулар боюнча Талас ОИИБнин кадрлар бөлүмү тарабынан башка милиция кызматкерлерине окутуулар жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий