• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта шайлоочуларга акча таратылуудабы? Облустук милициянын жообу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Таласта шайлоочуларга акча таратып жатат деген маалымат туура эмес болуп чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө уюлдук телефон аркылуу билдирүү түшүп, анда Талас шаарынын Жаманкулов-Нуржанов көчөсүнүн кесилишинде бейтааныш аялдын партияны колдоп бергиле деп акча таратып жаткандыгы кабарланган

"Билдирүү ШИИБдин автоматташтырылган маалымат тутумуна каттоого алынган. Окуяны териштирүү максатында жерине ШИИБдин документтештирүү тобу чыккан, текшерүү учурунда акча таратып жатат деген маалымат тастыкталган эмес. Акча таратып жатат делген аял 1968-жылы туулган Ч.Г. аттуу шаар тргуну экендиги жана ал “Асыл Мурас Жаштар” саясий партиясынын байкоочулары менен түшкү тамактанууга даярдык көрүп, акча каражатын бөлүштүрүп жаткандыгы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми милицияга маалымат билдирген аял ШИИбге алынып келип, өз сөзүндө туура эмес түшүнүп алгандыгын билдирген.

"Аталган факты дыкаттык менен иликтенип, анын курамында кылмыш жоруктун белгилери жоктугуна байланыштуу номенклатуралык делого чыгышталды", - деп айтылат облустук милиция тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий