• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча I республикалык командалык мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Таласта жаш өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча I республикалык командалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Сейтек» аталышындагы грек-рим күрөшү боюнча I республикалык командалык мелдеш 12-13-декабрь күндөрү «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде 2007-2010-жылы төрөлгөн жаш өспүрүмдөр арасында өтөт.

Мелдеш грек-рим күрөшүн популяризациялоо, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, жети облустун командалар арасында ынтымакты бекемдөө, ошондой эле эл аралык мелдештерде өлкөнүн намысын коргой турган мыкты спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW уюму тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык командалык эсепте 10 салмактык категорияда 8 команданын катышуусу менен өтөт: 2 команда мелдеш өтүп жаткан облустан, 6 облустан бирден команда.

Мелдештин расмий ачылышы 12-декабрь күнү саат 12:00до өтөт.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орун ээлери диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Мелдештин жеңүүчү командасына кубок ыйгарылат.

Уюштуруучулар: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча федерациясы.

Бул мелдешти биринчи жолу өткөрүү идеясы грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, Азия чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш медалдын ээси, студенттер арасындагы эки жолку Дүйнө чемпиону жана Ислам оюндарынын чемпиону Каныбек Жолчубековго таандык.

Белгилей кетсек, «Манас Семетей Сейтек» аталыштагы мелдеш жыл сайын республиканын аймактарында өтмө катары ар түрдүү жаш куракта өтөт:

  • «Сейтек» мелдеши – 10-13 жаштагы спортчулар арасында;

  • «Семетей» мелдеши – 1 4-17 лет жаштагы спортчулар арасында;

  • «Манас» мелдеши – 17-20 жаштагы спортчулар арасында.

Пикир

Оставить комментарий