• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта сууга чөккөн баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Таласта сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, 22 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

19-апрелде кеч киргендигине байланыштуу саат 19:10до издөө иштери убактылуу токтотулган.

Эскерте кетсек, 12-апрелде саат 17:00дөр чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 2 жаштагы бала дайынсыз жоголгон. Баланын сууга чөгүп кетишинин мүмкүндүгү айтылып, издөө иштери жүргүзүүлүдө.

Пикир

Оставить комментарий